Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу боюнча акция
8&Բ;октября&Բ;2025
Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу боюнча салтка айланган иш-чараларга катышуу үчүн бизге кошулуңуз. Саамалык Жарандык активдүүлүк борбору жана БААУнун Туруктуу бекем өнүктүрүү программасы тарабынан Франко-Кыргы экотуризм ассоциациясы (AFKE) менен биргеликте уюштурулуп келет.
Эч кандай өзгөчө ыктар талап кылынбайт - жөн гана өзүңүз менен кошо энтузиазм жана жакшы маанай ала келиңиз!
Сиз ыктыярчылар менен таанышасыз, жаңы досторду табасыз жана жалпы ишке салым кошуу менен күндү таза абада өткөрөсүз. Достор жана үй-бүлөнүн катышуусу колдоого алынат.
Иш-чара тууралуу кененирээк:
- Датасы: 11-октябрь 2025-жыл.
- Убактысы: 9:00–15:00
- Жыйналыш жайы: БААУнун кампусу. Биз кампуста чогулуп, андан ары Кара-Жыгач токойчосуна жөнөп кетебиз.
- Биз төмөнкүлөрдү камсыздайбыз: транспорт, шаймандар жана сиз иш-чаранын жүрүшүндө энергиялуу болушуңуз үчүн тамактануу.
Катталыңыздар жана шилтемени жакындарыңыздар менен бөлүшүп коюңуздар:.
Долбоор жөнүндө
Ар бир апрель жана октябрда БААУнун жарандык активдүүлүк борбору “Жашыл ай” демилгесинин алкагында Кара-Жыгач токойчосунда салтка айланган бак отургузуу иш-чараларын өткөрөт. Бул биргелешкен долбоор аталган токойчонун экосистемасын калыбына келтирүү боюнча иштерди улантып келет. Демилгени ишке ашыруунун башынан тарта жалпысынан 10 миңден ашуун бак тигилген. Бак тигүү БААУ, Бишкек мэриясы жана Француз-Кыргыз экотуризм ассоциациясынын Бишкектин илгерки жасалма жашыл массиви болгон Кара-Жыгач токойчосун калыбына келтирүү боюнча ири долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Токойчо 1990-жылдары мыйзамсыз бак кыюулар жана отурукташуулар учурунда жапа чегип калган. Ошондо анын аянты дээрлик 2 эсеге кыскарган. Бул кызматташтык Бишкектин шаардык токойчолорун сактап калуу жана келечек муундар үчүн кызмат кылуусу үчүн маанилүү болуп эсептелет.
Кара-Жыгач токойчосу жөнүндө кенен маалымат алууга төмөнкү тасмалар жардам берет:
- 10-мүнөттүк санариптик изилдөө:
- 30-мүнөттүк документалдык тасма:
Каалаган суроолор боюнча кайрылуулар үчүн:elemanova_t@auca.kg.