51Թ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун китепканасында “Жандуу математика: Шалгам, Көмөч” китебинин бет ачары

9&Բ;октября&Բ;2025

2025-жылы 7-октябрда БААУда “Жандуу математика: Шалгам, Көмөч” китебинин бет ачары орун алды. Аны авторлунун бири БААУнун Колдонмо математика жана информатика департаментинин профессору Кыдыралиев Сыргак Капарович тартуулады. Бул колдонмо “Жандуу математика” публикациялар топтомунун уландысы болуп саналат.

Китеп кенже класстардын окуучулары үчүн багытталып, математикалык билимдердин негиздери менен тааныштырат жана логика менен чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бет ачар жандуу атмосферада орун алып, тарыхка чакан экскурс жасалды. Анда коноктор бөлүү магистрлери тууралуу билишти. Андан соң катышуучуларга баш катырган “математика - бул эң оболу эсептөө тууралуубу же ойлонуу тууралуубу” деген собол салынды.

Бет ачарда Сыргак Капарович китептен алынган маселелердин чечмеленишин көрсөттү. Мисалы ашыкчалуулук ыкмасы менен. Ошентип чогулгандар маселелерди чечүүнүн альтернативалык жолдору тууралуу билип алышты.

Эмгек үч тилде жарыкка чыккан: кыргыз, орус жана англис тилдеринде.

Бет ачардын соңунда бардык конокторго китептер белекке берилди.

<< Назад к списку