51Թ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун Мейкерспейсинде чыгармачылык фестивалы

10&Բ;октября&Բ;2025

Буга чейин кабарлангандай, БААУнун Мейкерспейсинде Кыргызстандын чыгармачыл адамдарынын башын бириктирген алгачкы Maker Fest өткөрүлдү. Иш-чарага БААУнун президенти Тимоти О’Коннор катышты.

Фестиваль Мейкерспейстин алдындагы аянтчада орун алып, катышуучулар өз долбоорлору, иштеп чыгуулары жана чыгармачыл эмгектерин тартуулашты. Ошол эле жерде мастер-класстар жана идея алмашуулар өтүп, жандуу музыка менен кейтеринг жай жана майрамдык атмосфераны жаратты.

Иш-чарага ар кандай багыттарда ишмердүүлүк жүргүзгөн 12 чыгармачылык бирикмелер катышты:

  1. Жааратман кыз долбоору – чыгармачылык тармагында кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү боюнча долбоор, чыгармачылык сапаттар менен креативдүүлүктү өнүктүрүүгө жардам берет.
  2. Bishkek American Corner – АКШнын Элчилигинин алдында маданий-билим берүү борбору. Анда жаштар үчүн программалар өткөрүлөт: тренингдер, клубдар, лекциялар жана ресурстарга жетүү.
  3. КРнын Министрлер Кабинетинин алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Инновациялык борбору Fab Lab – прототиптөө жана инженердик долбоорлор үчүн жабдуулары бар санариптик өндүрүү лабораториясы.
  4. Алтын түйүн (Улуттук балдар үчүн инженердик-техникалык академия ) – инженерия, робототехника жана илимий изилдөөлөргө кызыгууларын өнүктүргөн мектеп окуучулары үчүн.
  5. КУТУнун “Телематика” кафедрасы – маалыматтык технологиялар, байланыш жана телематика тармагында адистерди даярдоочу университеттик бөлүм.
  6. Маариф (билим берүү комплекси) – окуучулардын ыкмаларын өнүктүрүүгө жана окутуунун заманбап усулдарына багытталган билим берүү мекемеси.
  7. FabLab Bishkek – окуучулар, студенттер жана ишкерлер үчүн ачык устакана. Анда 3D-принтерлер, лазердик станоктор жана башка инновациялык шаймандар менен иштөөгө болот.
  8. Art Lab – Креативдүү жана дисциплиналар аралык долбоорлор ишке ашырылган лаборатория. Ал искусство менен технологияларды бириктирет.
  9. Sceramos – салттуу кол өнөрчүлүк техникаларын жана заманбап дизайнды өнүктүргөн керамика боюнча долбоор/устакана.
  10. Президенттик Акылман лицейи – так илимдер, лидерлик жана инновациялар тереңдетилип окутулган абройлуу мектеп.
  11. Приоритет (окутуу-тарбиялоо комплекси) – окутуу жана балдарды өнүктүрүү боюнча заманбап жол тутууларды сунуштаган билим берүү мекемеси.
  12. Россиянын Улуттук изилдөөчулүк технологиялык унвиерситетинин алдындагы FabLab лабораториясынан кесиптештер – Россиянын алдыңкы инженердик ЖОЖдорунун бири Россиянын Улуттук изилдөөчулүк технологиялык унвиерситетинен өнөктөштөр.

Параллель түрдө Мейкерспейсте ар кандай мастер-класстар өткөрүлдү — боз үй чогултуу, шам жасоо, ракеталардын үлгүлөрү жана башкалар.

Коноктор гипстен ар кандай формаларды же силикондон шоколад жасоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Мейкерспейстин 3-кабатындагы конференц-зал менен терраса оюн аймагына айланды: ушул жердин цехинде жасалган ар кандай стол үстүндөгү оюндарды ойноп көрүүгө мүмкүн болду. Мындан тышкары террасада арт-терапиянын сабактары орун алды.

Фестивалдын ардактуу коногу ЖКнын депутаты Дастан Бекешев болду. Ал көзү азиздер үчүн Го оюну жана Эл аралык стандарттарга жооп берген шахмат оюну менен таанышты. MLDC директору Нариса Турдиева депутат мырзага көзү азиз адамдар пайдалана турган ар кандай предметтерди жасоо боюнча борбордун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Бул демилгелер инклюзивдүүлүк принцибин ишке ашырууга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзөт.

<< Назад к списку