51Թ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Китептерди реставрациялоо боюнча семинар: БААУ Казакстандын Улуттук китепканасы менен кызматташтыгын бекемдөөдө

1&Բ;декабря&Բ;2025

19-21-ноябрь күндөрү БААУнун китепканасынын командасы Казакстандын Улуттук китепканасында болуп, китептерди реставрациялоо боюнча окутуу семинарына катышып келди.

Иш-сапар былтыр БААУ менен Казакстандын Улуттук китепкансынын ортосунда кол коюлган кызматташуу тууралуу Меморандумдун алкагында ишке ашты. Белгилей кетсек, Казакстандын Улуттук китепканасы Китепканалык ассоциациялар менен мекемелердин Эл аралык федерациясынын (IFLA) сактоо жана консервациялоо боюнча Негизги программасынын аймактык борбору болуп эсептелет.

Өткөрүлгөн сабактар сентябрда орун алган реставрациялоо боюнча семинардын уландысы болду. Бул жолу көңүл мукаба капкактары жана китептерди мукабалоого бурулду. Ошондой эле китепканачылар чынжырлуу мукабалоо ыкмасы менен блокнотторду жасоону жана аларды реставрациялоо процессинде пайдаланууну үйрөнүштү. Семинардын жыйынтыктоочу күнү китептерди механикалык тазалоого жана консервациялоого арналды. Мындан тышкары БААУнун китепканасынын кызматкерлери үчүн Казакстандын Улуттук китепканасынын залдары боюнча экскурсия уюштурулду. Теориялык жана практикалык сабактарды Казакстандын Улуттук китепканасынын реставрациялоо, консервациялоо жана мукабалоо кызматынын кызматкерлери Аида Муратовна Шоманованын жетекчилиги астында өткөрүштү.

Жогоруда аталган эки китепкананын кызматкерлеринин ортосунда жылуу кесипкөйлүк жана достук байланыштары түзүлдү. Командалар туруктуу түрдө тажрыйба алмашып, Казакстан жана Кыргызстанда өткөрүлүп келген конференцияларга, семинарларга жана биргелешкен демилгелерге катышууда. Мындай кызматташуу кесипкөйлүк коомчулукту бекемдөө, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана китептерди сактоодо жана маданий-билим берүү иш-чараларда китепканалардын мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануугашарттүзөт.

<< Назад к списку