51Թ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Ылга 2.0” экоквести: жыйынтыгы, жеңүүчүлөр жана жаңы пландар

4&Բ;декабря&Բ;2025

БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун Жашыл БААУ программасы өткөн аптада “Ылга 2.0” экоквестинин биринчи баскычынын жыйынтыгын чыгарды. Бул экоквесттин экинчи агымы, өткөн күздө башка катышуучулар менен биринчи агымы өткөрүлгөн эле.

Экоквест 6-октябрдан 9-ноябрга чейин өтүп, ага бүткүл Кыргызстан боюнча мектеп окуучулары, студенттик командалар жана экоактивисттер катышты. Анын башкы максаты - коомдун экологиялык көйгөйлөргө мамилесин өзгөртүү, экологиялык пайдалуу адаттарды жайылтуу, экологиялык билимдерди жеткиликтүү кылуу жана мектеп менен окуу жайлардын деңгээлинде экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөтүү. Экоквестке катышуу тилегин 21 команда билдирди. Командалар атайын окутуудан өтүп, 5 апта аралыгында 10 тапшырманы аткаруусу кажет болчу. Мисалы, таштандыларды бөлүп жыйноону уюштуруу, экологиялык багыттагы иш-чараларды өткөрүү. Аталган милдеттерди 9 команда ийгиликтүү аткарып, финалга чыгышты.

EcoStar – “Звездочка” мектеп-комплекси, 10-класс, Бишкек

Eco_club_MKM – Орто мектеп, 9-11 класстар, Талас облусу, Атай Огонбаевдин айылы

“Эковолна” – ЖОЖ/Ысык-Көл мамлекеттик университети, 2-курс, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

Green Innovators – American European School, 10-11 класстар, Бишкек

“Келечек” – Орто мектеп, 11-класс, Талас облусу, Кара-Суу айылы

“Таза жер” – №88 орто мектеп, 7-класс, Бишкек

“ЭкоРОСТок” – Орто мектеп, 5-6 класстар, Чүй облусу, Кой-Таш айылы

EcoHackers – №70 орто мектеп, 10-класстар, Бишкек

Eco.team.kg – №1 Орловка орто мектеби, 10-класс, Чүй облусу, Орловка шаары

Иш-чаранын башында катышуучулар менен “Жашыл БААУ” программасынын координатору Маргарита Лазуткина жылуу учурашып, бет ачар жасады. Анда ал алдын-ала жыйынтык чыгарып, экоквесттин статистикасы тууралуу айтып берди. Алсак, командалар тапшырмаларды аткаруу учурунда дээрлик 800 кг макулатура чогулткан жана муну менен 8 бакты куткарып калышкан. Баарынан көп макулатураны ЭкоРОСТок командасы жыйнаган – 400 кг. Бул долбоордун жаш курагы жагынан эң кенже командасы, алар 5-6-класстардын окуучуларынан куралган. Макулатурадан тышкары катышуучулар пластик жана батарейкаларды да чогултуп, дармарка жана ишембиликтерди өткөрүшкөн. Ар бир команда көлөмдүү жана маанилүү жумуш жасады. Катышуучулар командада иштөөнү, кыйынчылыктарды жеңүүнү, пайдалуу экологиялык адаттарды үйрөнүшкөнүн белгилешти. Алар жеке үлгүлөрү менен улуулардын экологиялык көйгөйлөргө мамилесине таасир эте алышты. Калыстар тобу баалоо кыйынга турганын, баары адилеттүү болуусу үчүн жада калса жасалма интеллектке кайрылганын айтышты. Ар бир команда сыйлыктар менен мактоолорго татыктуу болуп, алардын упай жактан айырмачылыктары максималдуу түрдө аз ажырымды түзгөн.

5-орунду Бишкектин №70 орто мектебинин EcoHackers командасы ээледи. Бул эң бир өжөр жана тырышчаак командалардын бири. Команда мүчөлөрү мектебинин администрациясына долбоордун маанилүүлүгүн далилдеп, “Пластик бөтөлкөлөрсүз күн” өткөрүшкөн. Ошондой эле Logos курстарында таштандылар боюнча тренинг жасашкан. Команда 200 АКШ доллары өлчөмүндө грантка ээ болду.

4-орунда Талас облусунун Мейликан Козубекова атындагы орто мектептин Ecoclub MKM командасы жайгашты. Балдар 60 кг макулатура чогултуп, 850 сом жыйноо менен мектебинде дармарка өткөрүшкөн. Мындай жол менен алар окуучулар менен мугалимдердин кызыгуусун жараткан. Жыйынтыгында команда 300 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды.

3-орунду Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын №1 мектебинин EcoTeam.kg командасы жеңип алды. Команда мектебинде таштандыларды бөлүп жыйноо уюштуруап, экобаштыктарды орноткон. Мындан тышкары экологиялык постерлерди жайгаштырып, маулатура чогулткан жана ишембилик өткөргөн. Алар 500 АКШ доллары өлчөмүндө грантка ээ болушту.

2-орунду Талас облусунун Кара-суу айылынын Аманбек Карыпкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары камсыздашты. Окуучулар алдына мектепти , айлана-чөйрөнү жана образды өзгөртүү максатын коюшкан. Көздөгөн максатка карай алар акырындык менен жүрүп отуруп, өз идеяларына досторун гана эмес, ошондой эле мугалимдерин да кызыктырышкан. Жыйынтыгында алар 120 кг макулатура жыйнашкан. Команда 600 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды.

1-орунду Бишкектеги Америкалык Европалык Мектебинин 10-классынын окуучуларынан куралган Green Innovators командасы ээледи. Команда берилген 10 тапшырмадан тышкары өз апсайклингин ойлоп табышкан - суусундук ичиүүчү түтүкчөлөрдү кайра колдонуу боюнча долбоор. Ошондой эле алар бардык командалар үчүн белектерди даярдашыптыр. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр 700 АКШ доллары өлчөмүндө грантка ээ болушту.

Мунун менен экоквест бүтүп калган жок. Жеңүүчү командалар гранттарды пайдалануу боюнча долбоорлорду ойлоп таап, аларды ишке ашыруусу кажет. Мындан тышкары өз окуу жайларында таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуусу талап кылынат. Алар мунун үстүнөн экоквест учурунда иштешкен. Командалар кандай натыйжа көрсөтө турганын биз 2026-жылы апрелде БААУда өтчү экквестте билип алмакчыбыз. Анда алар жетишкендиктери тууралуу баарыбызга баяндап беришет.

Кеченин көркүн катышуучулардын өзү даярдаган музыкалык номерлер ачты. Бир нече номерди Балыкчы шаарындагы Булат Миңжылкыев атындагы Балдар искусство мектеби тартуулады. Мындай коноктор БААУнун сахнасында биринчи жолу өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле “ЭкоРосток” командасы бийлеп беришти. Баарына рахмат айтабыз!

<< Назад к списку