51Թ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Чий согуу заманбап окууда: салттан күнүмдүк маданиятка чейин

4&Բ;марта&Բ;2026

БААУнун “Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү” программасынын магистранты Чолпон Кускакбаева “Чий согуу искусство, экология жана маданияттын кесилишинде” долбоору тууралуу айтып берет.

- PREF`тин “Чий согуу искусство, экология жана маданияттын кесилишинде” долбоорунун алкагында жоголуп бараткан салттарга жаңыча көз-караш менен карап, алардын актуалдуулугун заманбап жашоодо сактоого аракет кылабыз. Жыйынтыгында биз БААУнун китепканасы менен биргеликте университеттин кызматкерлери үчүн керемет кооздуктарды жасоо боюнча мастер-класс өткөрдүк.

Чий согуу - бул маданияттын чакан, бирок чоң мааниге ээ символикалык элементи. Чийдин камышы ар кандай түстөгү кийиз жана башка нерселер менен оролгон. Негизи - төөнөгүч болуп, салтка ылайык, мындай буюмдар коргоочу, жылуулук берүүчү жана ата-бабалар менен байланышты сактоочу мааниде колдонулат.
Биздин максат - маданий мураска жаңы жашоо тартуулоо, аны эскерип, билип жана күн сайын университетте, жумушта, күнүмдүк жашоодо сыймыктануу менен пайдаланып жүрүүсүн камсыздоо.

Мурасты тагынып жүр. Маданиятты сакта. Жаңы маани жарат!

<< Назад к списку