БААУнун математикалык Олимпиадасынын жыйынтыгы
4&Բ;марта&Բ;2026

БААУда 9-10-11-класстар үчүн математика боюнча Олимпиада болуп өттү. Олимпиаданын уюштуруучулары – БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультети жана Инновациялык колледжи.
Быйыл математикалык сыноого 250 мектеп окуучу катышты. Салтка айлангандай эле, Олимпиада 2 баскычтан турду. Биринчи тур тест форматында өтүп, 15 суроого жооп берүү талап кылынган. Мында туура жооп берип, болушунча көп упай топтоо максатка ылайык эле. Анткени баарынан эң көп упай топтогондор гана экинчи турга жолдомо алмак. Олимпиаданын маселелери үч тилде даярдалды: англис, орус жана кыргыз тилдеринде. Андыктан катышуучуларда ыңгайлуу тилди тандоо мүмкүнчүлүгү болду.
Биринчи турдун башталышынын алдында Олимпиаданын катышуучуларын “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин жетекчиси Сергей Николаевич Скляр жылуу тосуп алды. Ал Олимпиаданын өтүү тартибин жана экинчи турга талапкерлерди тандоо жолдорун айтып берди. Турлардын ортосунда тыныгуу учурунда эмгектерди текшерүү убагында БААУнун Инновациялык колледжинин, Колдонмо математика жана информатика факультетинин жана БААУнун Мейкерспейсинин бет ачарлары орун алды. Колледждин жана университеттин студенттери окууга тапшыруу процесси жана окутуу, билим алуу учурундагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берип, мектеп окуучуларынын суроолоруна жооп беришти.
Экинчи турга биринчи турда эң жакшы натыйжа көрсөткөн 40 киши өттү. 9-класстын окуучуларынын арасында 18 киши, 10-11-класстардын окуучуларынын ичинен 22 киши. Экинчи турда жеңишке жетишүү үчүн мектеп окуучуларына 10 маселени чечүү сунушталды. Алардан математикалык гана эмес, ошондой эле логикалык ой-жүгүртүүнү да көрсөтүү талап кылынды. Жыйынтык чыгарууда жалпы эки турдун көрсөткүчтөрү эсепке алынды.
Эмгектер текшерилип, Олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып жатканда экинчи турдун маселелерин талдоо орун алды. Жогорку курстун студенттери финалчыларга маселелерди чечүү жолдорун көрсөтүп, суроолорго жооп беришти. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатына БААУнун президенти Тимоти О'Коннор катышып, Олимпиадага катышкандарга ыраазычылык билдирди. Ал катышуучулардын баары жеңүүчү экенин белгилеп, чогулгандардын көбүн жайында багыт алуу апталыгында көрүү үмүтүн билдирди.
Финалчыларга сертификаттар жана атайын сыйлыктар тапшырылды.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду:
9-класс
⦁ Даниел Тологонов – 70%
⦁ Баймырза Асанбеков– 60%
⦁ Алим Бараканов – 50%
11-класс
⦁ Амир Юсупов– 100%
⦁ Атажан Чолпонкулов– 90%
⦁ Тимур Акенеев– 80%
Нурайым Мухаматнабиевага атайын сыйлык тапшырылды
Билим алууга арзандатуу Олимпиаданын жеңүүчүлөрү БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультетине (11-класс) же БААУнун Инновациялык колледжине (9-класс) окууга тапшырган шартта гана жеткиликтүү болот. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү кабыл алуу сынактарынан бошотулбайт. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана аларды күзүндө биринчи курстун студенттери катары көрөбүз деген үмүттөбүз!








