51Թ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун студенти Unicorn from KG программасынын жеңүүчүсү аталды

19&Բ;марта&Բ;2026

#программная инженерия#Software Engineering

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы U Nexus Hub менен кызматташтыкта стартаптарга колдоо көрсөтүүчү Dive into Silicon Valley жана Unicorn from KG программаларынын бет ачарын өткөрдү. Анын алкагында жеңүүчүлөр жарыяланды. Катышуучулар калыстарга жана IT өнөр жайынын өкүлдөрүнө өз долбоорлорун көрсөтүштү. Алар жасалма интеллект, саламаттыкты сактоо, билим берүү технологиялары жана санариптик сервистер тармагында технологиялык чечимдерди тартуулашты.

Unicorn from KG программасынын жеңүүчүсү БААУнун Software Engineering программасынын 2-курсунун студенти Тимур Туратбеков болду. Ал 15 000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлыкка арзыды. Ошондой эле ал Draper University (Лос-Анжелес, АКШ) программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн да алды. Эми ал 2026-жылдын 20-апрелинен 20-майына чейин өз долбоорун инвесторлорго көрсөтүп, глобалдык технологиялык экосистеманын өкүлдөрү менен байланыш түзмөкчү.

Тимур Туратбеков тарабынан иштелип чыккан Gensprite.ai долбоору оюндарды көз карандысыз жасап чыгуучуларга арналган жасалма интеллекттин базасындагы оюн ассеттеринин генератору болуп саналат. Жеңүүчүнү куттуктайбыз жана ага долбоорунун өнүгүшүндө жана Эл аралык технологиялык аренада Кыргызстандын намысын коргоодо ийгиликтерди каалайбыз!

<< Назад к списку