51Թ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун студенти шахмат боюнча Бишкектин чемпиондугун жеңип алды

2&Բ;апреля&Բ;2026

БААУнун экономика факультетинин студенти Советбекова Нурай шахмат боюнча Бишкек шаарынын 2026-жылкы Ачык чемпиондугун жеңип алды. Муну менен ал Кыргызстандын жаш спортчуларынын арасында өзүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгы менен лидерлигин тастыктады.
Мелдеш 7-14-март күндөрү Бишкекте өтүп, өлкөбүздүн мыкты шайхмат чеберлерин чогултту. Ага 4 Эл аралык класстагы спорт чебери, ондогон спорт чеберлери жана ФИДЕнин чеберлери, ошондой эле 20га жакын спорт чебердигине талапкерлер катышты. Күчтүү атандашуу акыл таймаштын жүрүшүндө айыгышкан күрөштү камсыздады.

Кызуу таймаштардын жыйынтыгында жеңүүчүлөр үстүбүздөгү жылдын май айында Монголияда өтүүчү Азия чемпиондугунда Кыргызстандын намысын коргоо укугуна ээ болушту.

Советбекова Нурай — өлкөбүздүн жаркын шахмат чеберлеринин бири. Ал Кыргыз Республикасынын спорт чебери болуп саналат жана кыз-келиндер арасында улуттук рейтингде 1-орунду ээлеп турат. Мындан тышкары ФИДЕнин (WFM) чебери наамына ээ. Анын спорттук жетишкендиктеринин катарында кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпиону, 20 жашка чейинки жаштар арасында өлкөнүн учурдагы чемпиону, ошондой эле бир катар абройлуу Эл аралык мелдештерде катышуу сыяктуу ийгиликтер бар.
Нурай Дүйнө Кубогуна катышкан Кыргызстандын туңгуч жана жалгыз өкүлү болуп турат. Ошондой эле ал Түрк универсиадасынын күмүш байгесин жеңип, Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышкан.

Өзгөчө сыймыктанууну жараткан факт – бул активдүү спорттук карьерасына карабастан, Нурай БААУнун студенти болуу менен бирге окуу менен спортту ийгиликтүү айкалыштырып келет. Университет академиялык тармакта гана эмес, ошондой эле Эл аралык аренада да ийгиликтерди жаратып жаткан таланттуу, бийик максаттарды көздөгөн жана чыгаан студенттер билим алган чөйрө катары өз аброюн тастыктоону улантат.

Бишкектин чемпиондугундагы жеңиш анын жогорку деңгээлин жана жаңы чокуларга умтулуусун дагы бир ирет тастыктайт. Алдыда Азия чемпиондугу жана анда биздин Нурай Эл аралык аренада Кыргызстандын намысын коргойт.

<< Назад к списку