51³ԹÏ

БААУ/ КАМПУСТАГЫ ЖАШОО/ Студенттерди колдоо кызматтары/ Жашоо кызматтары/ ЭЛ АРАЛЫК БААУ ЖАТАКАНАСЫ/ Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор

Суроо: Жатакананын дареги кандай?

Жооп: Сухе-Батор көчөсү 11/1, Юнусалиев менен кесилишет. Жатаканага келе турган коомдук унаалардын каттамдарын тиркемесин телефонуңузга жүктөп алып таба аласыз (Android жана iOS үчүн акысыз).

Ìý

С:ÌýӨз бөлмөмдү жыйнашым керекпи?

Ж:ÌýОоба, бөлмөдө өз алдынча тазалыкты камсыз кылышыңыз керек. Жатакананын жалпы аянттары гана тазалык кызматкерлери тарабынан тазаланат.

Ìý

С:Ìý Ооруп калсам эмне кылышым керек?

Ж:ÌýИш күндөрү университеттин медициналык пунктуна кайрылсаңыз болот. Жатаканада өзүңүздү начар сезсеңиз, кабаттагы тарбиячыга (RA) кайрылыңыз же досуңузду аны чакырып берүүсүн өтүнүңүз.

Ìý

С:Ìý Жууркан, жаздыктарды кайдан алсам болот?

Ж: Айрым чет элдик студенттерге жууркан, жаздыктар берилет. Башка студенттер аларды өздөрү алышы зарыл.

Ìý

С:ÌýЖатаканада жаныбар кармоого уруксатпы?

Ж:ÌýЖок, жаныбар кармаганга уруксат берилбейт.

Ìý

С:ÌýӨз бөлмөмдө конокторумду тоссом болобу?

Ж:ÌýБөлмөлөштөрүңөргө тоскоолдук кылбасаңыз, саат 7.00-21.00 ортосунда конокторуңарды тосо аласыңар.

Ìý

С:ÌýКоногум бөлмөмдө түнөй алабы?

Ж:ÌýЖок, түнөй албайт. Саат 21:00 чейин жатаканадан кетиши керек.

Ìý

С:ÌýЖатаканада телевизор барбы?

Ж:ÌýОоба, телевизор жатакананын биринчи кабатында жайгашкан.

Ìý

С:Ìý Бөлмөдө эмнелер бар?

Ж:ÌýКеребет, жылыткыч, күзгү, чайынма, шкаф, стол. Айрым учурларда талабыңыз боюнча кошумча заттар берилет.

Ìý

С: Жатаканага чейин кантип жетем?

Ж: Жатаканага көптөгөн коомдук унаалар, автобустар, троллейбустар, маршруттук кичи автобустар келет. Ìýbus.kgÌýтиркемесин телефонуңузга жүктөп алыңызз. (Android жана iOS үчүн бекер).

Ìý

С:ÌýЖатаканада WiFi барбы?

Ж:ÌýОоба. Жатакананын имараты толугу менен жабдылган.

Ìý

С:ÌýБөлмөнү өзүм тандай аламбы?

Жок, бөлмөлөр бөлүштүрүлөт. Бирок, жүйөлүү себебиңиз болсо, бөлмөнү алмаштыруу мүмкүнчүлүгүңүз болот. Бул жөнүндө Жатакана координаторун билдиришиңиз зарыл.

Ìý

С:ÌýКир жуучу жай барбы?

Ооба, ар бир кабаттын өзүнүн кир жуучу күнү белгиленген. Жатакананын төрт кабаты бар.

Ìý

С:ÌýЖатаканада ашкана барбы?

Ж:ÌýАшкана бар, бирок тамакты өзүңөр даярдайсыңар.

Ìý

С:ÌýКоменданттык саат белгиленгенби?

Ж:ÌýЭгерде жашыңыз 18ге жете элек болсо, ЖМА программасынын катышуучусу болсоңуз, силер үчүн коменданттык саат – 22:00 белгиленген. 18ден улуу болуп, бакалавриатта окусаңыз, түнкү 00:00 кечикпей келиңиз.

Ìý

С:ÌýКандайдыр бир оор абалга туш келсем, кимге кайрылышым керек?

Ж:ÌýБиринчи кезекте кабатыңыздын тарбиячысы менен байланышыңыз.

Ìý

С:Ìý Коменданттык сааттан кечигип калсам эмне кылам?

Ж:ÌýЖатакананын коопсуздук кызматкерине же кабаттын тарбиячысына телефон чалыңыз, бирок кечигүү үчүн белгилүү чаралар көрүлөт.

Ìý

С: Жатаканага университеттен жетүүгө канча убакыт кетет?

Ж: Жолдогу абалга жараша 15-30 мүнөт алышы мүмкүн.

Ìý

С:ÌýӨзүмдүн жуунуу бөлмөм болобу?

Ж:ÌýБөлмөлөрдө бирден гана жуунуу бөлмөсү болот.

Ìý

С:ÌýЖатаканада көңүл ачуу шарттары барбы?

Ж:ÌýКомпьютердик лаборатория, китептер, телевизор бар.

Ìý

С: Ким менен жашарымды тандасам болобу?

Ж:ÌýОоба, бирок бул жөнүндө жарым жылдыктын башында тарбиячыга айтыш керек. Жатакана координаторунан уруксат алышыңар керек.

Ìý

Ìý

С:ÌýТүнкүсүн жатаканадан чыксам болобу?

Ж:ÌýОоба, бирок бул жөнүндө тарбиячы жөнүндө коопсуздук кызматкери кабардар болушу зарыл.

Ìý

С:ÌýЖатаканадан университетке автобустар же башка транспорт жүрөбү?

Ж:ÌýАвтобус, троллейбус, таксилер жүрөт.

ÌýÌý

С: Сабак окууга шарттар барбы?

Ж:ÌýОоба, компьютердик класс жана сабак окуу бөлмөсү бар. Мындан тышкары жалпы залда көптөгөн китептер бар.

Ìý

С: Кандай турмуш-тиричилик жабдыктары бар?

O: Ар бир кабатта муздаткыч жана микротолкун меши бар. Ашканада тамак бышыруу очок-плиталары бар.

Ìý

С:ÌýЖатаканада кафе болобу?

Ж:ÌýЖок, бирок өзүңүз тамак бышыра аласыз.

Ìý

С:ÌýЖатакананын жанында кафелер барбы?

Ж:ÌýОоба, бир нече кафе жана ашкана бар.

Ìý

С:ÌýТазалык кызматкери иштейби?

Ж:ÌýОоба, бирок ал тепкич, коридор, холл сыяктуу жалпы аянттарды гана тазалайт.

Ìý

С:ÌýЖатаканада машыгуу залы барбы?

Ж:ÌýЖок.

Ìý

С:ÌýЖатаканада медициналык кызматкерлер барбы?

Ж:ÌýЖок. Керектүү негизги дары-дармектерди, термометр, таңуу бинттерин кабат тарбиячысынан ала аласыз. Иш күндөрү иш сааттарында университеттин медициналык пунктуна кайрыла аласыз.

Ìý

С:ÌýЖакын жерде кандай көңүл ачуу жайлары бар?

Ж:ÌýЖатакананын жанында бир нече кафе, караоке-клуб, Космопарк көңүл ачуу борбору бар.

Ìý

С:ÌýЭң жакын базар кайда?

Ж:Ìý Орто-Сай базары эң жакын, жатаканадан 10-15 мүнөт алыстыкта.